Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

Таластык сүт өндүрүүчүлөр өкмөт жардамына муктаж


Облустун сүт өндүрүүчү ишканалары күнүнө 60-70 тонна сүт иштетет. Даярдалган продукциянын көпчүлүк бөлүгү сатылбай, ишканалардын кампаларында кала берүүдө. Буга казак өкмөтүнүн Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын киргизбөө тууралуу чечими себеп болуп жатканын “Азаттыкка” облустук адмистрациянын басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди.

Таласта жеке менчик “Өзөн-Ата” ишканасы 83,5 млн сомдук сүт өндүрсө, анын 8,05 млн. сомдук продукциясы гана экспорттолот. Өткөн жумада кыргыз өкмөтү коңшу Казакстанга сүт азыктарын экспорттоо чечилгенин билдирген. Бирок бул чечим Чүй облусунун ишканаларына гана тийиштүү.
(МbA)

XS
SM
MD
LG