Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Батыровдун соту 28-декабрда уланат


Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди. Бүгүн Жалал-Абад облустук соту айыпталып жаткан Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов, Абдурахман Абдуллаев, Халилжан Худайбердиев жана Жавлон Мирзаходжаевдин жактоочуларынын 28-октябрдагы Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арызын карады. Сот отурумунда айыпталуучулардын адвокаттары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн суракка тартууну өтүнүштү.

Судья Амангелди Молдобаев эки тарапты тең угуп, эмки сот отурумуна кошумча күбө катары Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, губернатордун орун басары Тайгожо Гиязов жана Асылбек Текебаевди чакыруу чечимин кабыл алды. Кийинки отурумда Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдурасуловдун Ош ТВ жана Мезон ТВ каналдарынан сүйлөгөн видематериалдары көрсөтүлөт.

Жалал-Абад шаардык соту 28-октябрда өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыровду былтыркы июнь окуяларын козуткан, сепаратисттик ураандар менен чыккан, эл арасында башаламандык уюштурган деген айыптар менен сыртынан соттоп, өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Кадыржан Батыров июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, соттун мындай чечиминен кийин Швециядан баш паанек алганы кабарланган. (AzK)

XS
SM
MD
LG