Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Сирияда жанкечтилер коопсуздук жайларын бутага алышты


Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, жанкечтилер бүгүн баш калаа Дамаскиде эки коопсуздук базаларында бомба шыкалган унааларын жардырышты. Жардырууларда 30тан ашык киши, анын ичинде аскерлер жана карапайым адамдар набыт кеткени айтылууда. Кабарда кол салуу үчүн "ал-Кайиданын" террорчулары күнөөлөндү. Азыр Сириянын баш калаасында Араб Лигасынын байкоочулар миссиясы жүрөт. Бул миссия президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы чыккан демонстранттарга күч колдонулушун токтотууну көздөгөн демилгенин чегинде келген. Бириккен Улуттар уюмунун болжолунда, тогуз айдан берки толкундоолордо 5 миңден ашык киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG