Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Бүгүн Орусиянын бир нече шаарында митинг өтөт


Бүгүн Орусиядагы ондогон шаарда декабрдын башында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун каршылык акциялары өткөнү жатат. “Азаттыктын” орус кызматы кабарлагандай, интернеттеги Фейсбук, "В контакте" социалдык түйүндөрүнүн 65 миңге чукул колдонуучусу “Таза шайлоо үчүн” деп аталган бул митингдерге катышарын билдиришти.

Москвада Академик Сахаров атындагы чоң көчөгө миңдеген адамдардын чыгышы күтүлүүдө. Бүгүн полициянын аракеттерине Коомдук палата жана укук коргоочулардын өкүлдөрү байкоо салат.

10-декабрда Москванын Болотная аянтында өткөн митингге он миңдеген адамдар катышкан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG