Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы жардырууну айыптады


Өлкө борбору Дамаскта кечээ жанкечти жасаган жардыруудан кеминде 44 киши өлүп, ондогондор жаракат алган. БУУнун Коопсуздук кеңеши өз билдирүүсүндө жардыруунун курмандыктарына, алардын жакындарына, Сирия элине көңүл айтты. Бирок Батыш өлкөлөрү оппозициячыл демонстранттарды тогуз айдан бери кан төгүү менен басып жатканы үчүн айыптаган Сириянын өкмөтүнө пикирлештигин көргөзгөн жок.

Сириянын өкмөтү коопсуздук мекемелеринин имараттары бутага алынган жума күнкү чабуул үчүн “ал-Каиданы” айыптады. Сириянын оппозициясы болсо өкмөттүн турумунан күмөн санап, чабуулду коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу үчүн бийлик өзү уюштуруп коюшу ыктымалдуулугун ишара кылды.

Сириядагы чабуулду айыптоого келгенде мунаса тапканы менен БУУнун Коопсуздук кеңеши бул өлкөдөгү окуяларга карата жооп иретиндеги резолюция долбоорун макулдаша албай келүүдө.

Батыш өлкөлөрү Орусия даярдаган резолюция долбоорундагы чараларды "жумшак" деп эсептөөдө. Алар резолюцияда Сирия өкмөтүнө каршы санкциялар жана курал эмбаргосу каралуусун көздөп жатат.

Бирок Сириядагы режимдин узактан берки өнөктөшү Орусия резолюцияда өкмөткө каршы күчтөрдүн кыянтачылыктары да айыпталуусун керек деп эсептөөдө. Орусиянын элчиси Виталий Чуркин БУУнун Орусияга курал эмбаргосун киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды.

БУУнун эсебинде, Сирияда президент Башар Ассаддын режимине каршы нааразылык акциясы башталган тогуз айдан бери 5000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG