Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Пакистан: Мурдагы спортсмен Хан Карачиде жүрүш уюштурду


Пакистандын Карачи шаарында миңдеген киши мурдагы крикет оюнчусу, саясатчы Имран Ханды колдоо иретинде уюштурулган жүрүшкө катышышты. 59 жаштагы Хан саясатка 15 жыл мурун аралаша баштап, “Адилет партиясын” түзгөн. Ошондон бери шайлоочулардын добуштары үчүн күрөшүп келатат. Октябрда Лахор шаарында анын 100 миңден ашуун тарапкери жүрүшкө чыгышкан. Хан паракорлукка жана АКШнын учкучсуз учактарынын соккуларына каршы күрөшүүгө убада кылып келатат. Пакистанда эмки парламенттик шайлоо 2013-жылга белгиленген.

XS
SM
MD
LG