Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Абактагылар ачкачылыктын себептерин айтып беришти


Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн депутаттык топ Бишкек шаарынын түштүк-батышында жайгашкан №47 жаза өтөө мекемесине барып, абактагылардын абалы менен таанышты. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мындай демигенин колго алынышына жакында эле абактарда өткөн ачкачылык акциясы себеп болгон.

Бул абакта сыркоолор жаза өтөшөт. Бирок медициналык жабдуунун эскилиги жеткен. Рентген-аппарат 1965-жылдан бери жаңылана элек.

"Ачкачылыктын чыгышын жарыктын, жылуулуктун, санитардык түйүндүн начардыгына байланыштырган абактагылар эң башкы себеп катары жолугушууга келген жакындарынын мазакталгандыгын айтышты. Алардын айтымында, абактагы жакындарын көргөнү келген аялдарды көчөдөн келген сойкулар деп ашыкча текшерип, мазактап, жакындары менен жолугуштурбай койгон учурлар абактагылардын намысына катуу тийген", - деп айтылат ЖК маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Мындан эки апта мурда Кыргызстандагы бир нече абакта ачкачылык акциясы өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG