Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Иран жаңы ракетаны сыноодон ийгиликтүү өткөргөнүн жарыялады


Ирандын деңиз күчтөрүнүн 2-командири Махмуд Мусави Ормуз кысыгында өткөрүлгөн аскердик машыгуу маалында 200 километр алыстыкты мелжей ала турган жаңы ракета сыналганын билдирди. “Гадер” аттуу ирандык жаңы ракета деңизде бараткан кемелерди бутага алууга ылайык жасалган. Перс булуңу менен Индия мухитин бириктирген Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү мунай экспортунун бештен бири каттайт. Ирандын бийликтери ал жерде 10 күнгө созула турган согуштук машыгуу алкагында бүгүн дагы жаңы ракеталарын сынаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG