Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Судьялардын мөөнөтүн узартуу каралып жатат


Өткөн жылдын этегинде ыйгарым укуктары аяктаган судьялардын мөөнөтү убактылуу узартылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу комитетинин төрайымы Галина Скрипкина “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 2011-жылы декабрь айынын аягында 74 судьянын мөөнөтү аяктады. Аларды арасында апрель окуялары боюнча ишти карап жаткан судья да бар. Скрипкина судьялардын макамы тууралуу мыйзам долбоор парламентте биринчи окууда каралганын, январь айында дагы талкууга уланарып маалымдады.

Буга чейин бир катар депутаттар судьялардын мөөнөтү аяктап жаткандыктан, бир катар соттук териштирүүлөр кийинкиге жылып, сот системасы туңгуюкка кептелгенин айтып чыгышкан болчу.

Кыргызстанда сот тармагын реформалоо үчүн былтыр июнь айында Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн эле. Кеңеш жыл этегине чейин бардык деңгээлдеги соттордун судьяларын кайра тандап чыкмак. Бирок бул иш-аракеттер тынымсыз ызы-чуу менен коштолуп, майнап чыкпай келатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG