“Кыргызгаз” ишканасынын жетекчи орун басары Евгений Орленконун “Азаттыкка” билдиришинче, былтыр сентябрь айында кыргыз-казак өкмөттөрү өз ара кеңешип, Казакстан Өзбекстандан алганын газынан Кыргызстанга 240 миллион куб берүүгө макул болгон. Анын теңине жакыны былтыр берилип бүттү. Бул газдын калганын Бишкек 2012-жылдын апрель-май айларына чейин алмакчы. Орленко учурда ырасмий Астана менен газ тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Адистердин айтымында, Өзбекстанда отун каатчылыгынан ал жактан газдын берилиши арсар болуп турат. (EBM)