Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:58

Жалал-Абадда жер тоңдурмалоо кыйындады


Облустун пахтачылары өз жерлерин айдата албай убара тартып жатышканын "Азаттыкка" билдиришти. Алардын айтымында, тоңдурма айдоонун жүрбөй жатканына жердин тоңуп калганы, каз тамандуу тракторлордун тартыштыгы, күйүүчү май менен жер айдоо акысынын кымбаттагы себеп болууда.

Пахтаны облуста эң көп айдаган Ноокен районунда тоңдурмалоого тийиш болгон 17800 гектар жердин 1080 гектары буга дейре же жылымса убакта айдалган, 1071 трактордун 738и дөңгөлөктүү тракторлор, алар менен тоңдурмалоого мүмкүн болбой, тоңуп калган жерге жер тилүүчү тиштери өтпөй, учурда жер айдоо иштери убактылуу токтоп турат. Дыйкандар убагында тоңдурмаланбаган жердин түшүмдүүлүгү азаюусу мүмкүн деп болжошууда. (YA)

XS
SM
MD
LG