Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Жаңы Өзөндө парламенттик шайлоо болот


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана Конституциялык Соту 15-январда калабалуу Жаңы Өзөн шаарында парламенттик жана жергиликтүү шайлоо өткөрүлсүн деп чечти. 16-декабрда Жаңы Өзөндө массалык тополоң чыгып, 16 киши набыт болгон.

Президент Нурсултан Назарбаев өз жарлыгы менен обол 4-январга чейин, кийин 31-январга дейре Мангыстау облусундагы бул шаарда чукул кырдаал абалы киргизген. Жогорку Сот адамдардын коопсуздугу камсыздалбайт деп, 15-декабрда парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор Жаңы Өзөндө өткөрүлбөсүн деп чечкен болчу. Бирок Назарбаев 10-январда жаңыөзөндүктөрдүн жарандык укуктары тепселет деп, Жогорку Соттун чечимине вето жарыялаган.

XS
SM
MD
LG