Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Жалал-Абад: Кутурмага каршы вакцина жок болууда


Кутурма оорусуна каршы вакцинанын жоктугуна байланыштуу оору чыккан жерде эмдөө иштери жүргүзүлбөйт жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад зоналык мамлекеттик ветеринардык башкармасынын башчысы Ж.Аскаров билдиргенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" кабарлады.

9-январда Сузак районунун Жалгыз-Жаңак айылынын эки тургунун жолбун ит тиштеп алган. Итти айыл тургундары өз алдынча кармап өлтүрүп, көмүп салышкан. Ветеринардык кызматтын адистери текшергенде ит кутурма менен ооругандыгы тастыкталган. Тиштелген эки жаран учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Райондук акимиаттын бүгүнкү буйругунун негизинде кутурма оорусуна каршы иш-чаралар иштелип чыгып, 24 ит атылып жок кылынды. Жергиликтүү эл арасында кутурма боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG