Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Караколдо телеоператор сабалды


Бүгүн Караколдо "Моңолдор ата" чакан кредиттик компанияга алдандык деген кардарлардын митинги өттү. Ага 30-40тай киши чогулганын "Азаттыкка" катышуучусу Жумай Бектемирова кабарлады. Айтымында, нааразылык акциясы облустук бийлик имаратынын алдында өттү. Массалык маалымат каражаттарынан чакырылган журналист Сергей Высоцкий менен чогуу келген телеоператор Евгений Черныйдын видеокамерасын облустук каржы полициянын капитаны Айбек Абдрасулов күч менен тартып алганы айтылды.

"Финполициянын начальнигинин кабинетинен колу-бутун бурап, жакадан алып, курткасын үзүп салды. Ортодон мен тура калдым. Кадимкидей күрөштүк", - дейт Бектемирова.

Анын айтымында, каржы полиция өкүлдөрү видеокамеранын ичиндеги кассетаны алып коюшкан. Митингчилер ортого түшүп олтуруп кассета кайра алынды.

Бектемирова "Моңолдор ата" компаниясынан 260 миң сомдой акчасын кайтарып ала албай жүргөнүн, миллиондогон акчасын алдыргандар да бар экенин айтууда. Ишти иликтеп жаткан Каржы полициясына нааразы болгондор бүгүн митингге чыгышты. Майнап чыкпаса Бишкекке барышыбыз мүмкүн дейт Бектемирова.

Каржы полициясынын маалымат кызматы Абдрасулов эч кимге колу тийбегенин, Евгений Черный "кара пиар" жасап жатканын билдирүүдө.(RK)

XS
SM
MD
LG