Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасында шайлоо болду


Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн бир айдан кийин өткөн кечээки парламенттик шайлоо президент Нурсултан Назарбаевдин Нур-Отан партиясынын үстөмдүгүн бүтүрүү максатын көздөйт. Бул максатта экинчи болуп келген партия 7 пайыздык чекти ала албаса да, 107 орундуу парламентке кирет.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкулов Астанада кабарчыларга бүт республика боюнча шайлоочулардын 75 пайыздан ашыгы катышканын билдирди.

Добуш берүүнүн мезгилинде ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу кабарланды. Азаттыктын казак кызматынын кабарчысы тарткан видеодо Алматынын жанындагы шайлоо бекетинде шайлоо кызматкери бюллетендерди тутамдап салып жатканын көрүүгө болот.

Башка эреже бузуулардан добуштарды сатып алуу, байкоочуларды коркутуу, бюллетен салынган кутулардын бекем желимделбегени аталды.

XS
SM
MD
LG