Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Майып кыздар үчүн эмгек долбоору башталды


Кыргызстанда кедей үй-бүлөдө жашаган жана ден соолугу начар, майып кыздар үчүн "Girls day" долбоору башталды. Максаты - аларды пайдалуу, акчалуу жумуш табууга үйрөтүп, окутуу. Социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстанда кызыктуу жана айлыгы жакшы 170тей кесип бар. Бирок жумушсуз кыз-келиндер арасында сурамжылоо жүргүзгөндө алардын 90% юрист, дарыгер жана банк кызматкери болууну каалай турганын айтышкан. "Бирок дарыгер болуп 5 миң сом алганча гипскартон чыгаруучу цехте иштеп 40 миң сом тапса болоорун көпчүлүгү билбейт", - дешет долбоордун жетекчилери. Долбоор алгач пилоттук негизде Бишкекте, Караколдо жана Ошто иштей баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG