Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Июн окуясында жабыркагандар күч кызматкерлерине даттанышууда


Ошто июнь окуясында жабыркап компенсация алгандар жергиликтүү күч органдарынын опузасына кабылып, акчасын тарттырып жиберүүдө. Бирок алар коркуткан кишилерге каршы арыз жазуудан кооптонуп жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу "Эдвокаси борбор" билдирүү таратты. Аталган борбордун өкүлү Сахира Назарованын "Азаттыкка" билдиришинче, соңку күндөрү милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан ар кандай опузага кабылып, акчасын тарттырып жиберген тургундар аябай көп кайрылып жатат.Тиешелүү органдар болсо мындай факттар дээрлик жок деп ишендирүүдө. 2010-жылдын июн айында Ош менен Жалал-Абадда кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын ортосунда жаңжалда 400дөн ашуун киши набыт болуп, миңднген тургундар үй-жайсыз, ишсиз калган.(RK/ErN)

XS
SM
MD
LG