Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Айрым түрмөлөрдө ачкачылык жарыяланды


Кыргызстандын айрым абактарында камалгандар түшкү тамактан баш тартып, ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу ушу тапта парламенттеги талкууга катышып жаткан Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков билдирди.

"Эч болбогондо бир камераны, 343-камераны ачык койгула деп талап кылышыптыр. Ачпайбыз. Бул мейманкана эмес. Ачка калса кала беришсин. Макул, азыр бир камераны ачып берели, эртең экинчисин, үчүнчүсүн ачкыла деп чыгышат", - деди Байзаков.

Байзаков мындай талап кайсы абак боюнча коюлганын, ачкачылык кайсы колонияларда жарыяланганын тактап айткан жок.

Бүгүн парламентте 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон окуя талкууланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG