Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

Тажикстанда карышкыр 90 жаштагы кемпирге кол салды


Бадахшан аймагындагы Шогонон аймагында жашаган Озодомо Саиднуруллоева "карышкыр тийгенде, өлүм көк бөрүнүн терисин жамынып келиптир" деп ойлогонун айтып, мурда карышкыр кой, уйга тийсе, азыр эми адамга кол сала баштаганын кошумчалады.

"Азаттыктын" Тажик кызматы билдиргендей, суук 20-25 градуска жеткен Кыргызстан менен чек аралаш аймакта тартип коргоочулар малчылардын мылтыктарын алып койгон. Натыйжада "Бөрүлөрдүн жан алгычы" атыккан көзгө атаар мергендин энесине да карышкыр кол салган.

Саиднуруллоева азыр ооруканада дарыланып жатат.

XS
SM
MD
LG