Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Казакстанда оппозиция лидерлери айыпка жыгылды


Оппозициядагы Социал-демократиялык "Азат" партиясынын жетекчилери 17-январдагы "уруксатсыз жыйыны" үчүн ар бири 32 360 теңге айып төлөөгө милдеттендирилди. "Азат" партиясынын төрагасы Болат Абилов партиянын тең төрагасы Жармакан Туякбай экөө соттолгонун билдирди.

Абилов соттун суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, өз партиясынын коомдук иштерине катышууну уланта бере тургандыгын билдиргенин кошумчалады.

Шейшембиде оппозиция 15-январдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, акцияга чогулушкан.

XS
SM
MD
LG