Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Нигерияда жардыруу курмандыктарынын саны өсүүдө


Нигерияда жардырууларда өлгөндөрдүн саны мурда айтылгандан алда канча көп болушу мүмкүн. Полиция Кано шаарында алдын ала уюштурулган бир катар жардырууларда 7 адам мүрт кеткенин кабарлаган. Бирок окуяга күбө болгондор 20 адамдын өлүгүн көрүшкөнүн айтышты. ВВСнин кабарчысы болсо шаардагы моргдо 150гө жакын жасатты эсептегенин билдирген.

Кечээ полициянын баш кеңсесине, үч башка бекетине, жашыруун кызматтардын имаратына жана иммиграция кызматына, жалпысынан сегиз жерге чабуул болгон. Шаарда коменданттык саат киргизилди.

Бул жерде полицияга жергиликтүү Боко Харам исламчыл сектасынын өкүлдөрү бир нече жолу кол салышкан. Мына ушул эле топ Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленип жаткан күнү христиандардын чиркөөсүнүн жанында бомба жардырып, андан 37 адам өлгөн, 57си жаракат алган эле.

Боко Харам сектасынын мүчөлөрү өздөрүнүн катаал идеологиясына ишенбегендердин баарын - христиан же мусулман экенине карабай - каапырлар деп билет.

XS
SM
MD
LG