Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Кыргызгидрометборбордун жабдыктары жаңыланат


Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун жабдыктарын жаңылоону максат кылган кыргыз өкмөтү менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын ортосундагы макулдашуу Жогорку Кеңеште 1-окуудан жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган долбоордун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 6 миллион АКШ долларын бөлүп берет.

Бөлүнгөн каражатка Кыргызгидрометтин дараметин бекемдөө, гидрологиялык жана кар көчкүлөрдү байкоо үчүн жабдууларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо, метеорологиялык маалыматтарды топтоочу улуттук борборлорду жаңыртып жабдуу, болжолдоо системасын иштеп чыгуу иштери бүткөрүлөт.

Кыргызгидрометтин жабдыктары эгемендүүлүк жылдарынан бери жаңыртыла элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG