Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

АКШ: Түштүк Каролинадагы республикачылдардын алдын ала шайлоосунда Ньют Гингрич жеңди


Ньют Гингрич
Ньют Гингрич
АКШнын Түштүк Каролина штатында республикалык партиянын президенттикке көрсөтүлчү талапкерлерди тандоодогу алдын ала шайлоосунда же праймеризде Ньют Гингрич жеңди. Конгресстеги өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Гингрич праймеризде шайлоочулардын 40% добушун топтой алган. Анын негизги атаандашы, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромнини бул штаттагы республикачылдар электоратынын 28% колдоду.

Өзүнүн тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып, Гингрич президент Барак Обама менен дебатка чыгууга даяр экенин айтты.

"Алдыдагы 8 же 9 айдын ичинде биз президент Барак Обама менен дебатта талкуулай турган маселе эки башка Америка жөнүндө болот – Эгемендик Декларациясындагы Америка, солчул ойчул Соул Алтинскинин Америкасы, төлөмдөрдүн жана тамак-аш карточкаларынын Америкасы, көз карандысыздыктын жана көз карандылыктын Америкасы, тышкы саясатта күчтүү Америка менен алсыз Америка боюнча дебатта таймашабыз", - деди Гингрич.

Ошентип, азырынча өлкөнүн үч штатында өткөн алдын ала шайлоолордо үч башка талапкер утуп чыгышты. Булар Рик Санториум, Митт Ромни жана Ньют Гингрич.

Келерки праймериз 31-январда Флоридада өтөт. Августта болсо республикалык партиянын атынан ким ноябрдагы президенттик шайлоого катышаары белгилүү болмокчу. Ал киши демократтардын атынан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлгөн Барак Обама менен таймашышы керек.

XS
SM
MD
LG