Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Суталиновдун адвокатынын доо арызы каралат


Бүгүн Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновдун адвокатынын Биринчи май райондук сотунун коллегиясына ишеним көрсөтпөө боюнча доо арызын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев маалымдады.

Биринчи май райондук соту 17-декабарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Мурат Суталиновду 15-февралга чейин атайын кызматтын тергөө абагына калтыруу чечимин кабыл алган эле.

Апрель окуялары боюнча айып тагылып, эл аралык издөөдө жүргөн Суталинов 14-декабарда апрель окуялары боюнча соттук териштирүүдө күтүүсүз пайда болгон. Камакка алынып, бирок көп өтпөй адвокатынын өтүнүчү менен ошол күнү үй камагына чыгарылган болчу. Бир күндөн кийин УКМК Суталиновду чек арадан мыйзамсыз өткөн деген кине менен кайра камакка алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG