Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Парламенттеги кыскартуудан 139 млн. сом үнөмдөлөт


Жогорку Кеңештин аппараты менен иш башкармалыгынын түзүмүн оптималдаштыруудан 155 штат бирдиги кыскартылат. Мындан 139 миллион сом бюджеттик каражат үнөмдөлөт. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыскартууга туш келген кызматкерлердин баарына 3 айлык ордун толтуруу каражаттары төлөнүп берилет. Кыскартуулар боюнча жумушчу комиссиянын төрагасы Абдырахман Маматалиев парламенттин жыйынында билдиргендей, автоунаа ишканасындагы айдоочулар тобунан иш ордун кыскартпоо тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Азыр анда келтирилген жүйөөлөр Жогорку Кеңеш жетекчилиги тарабынан иликтенүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG