Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Акыйкатчы абактарда 3 миң киши ачкачылыкта отурганын айтып чыкты


Бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын абактарында ачкачылык жарыялагандардын саны 3 миң адамга жеткенин билдирди. Анын айтымында, алардын кеминде 638и оозун төөнөп алышты. Түрмөлөрдөгүлөр 16-январда Бишкектин биринчи тергөө абагында болгон тополоңду адилет иликтөөнү, түрмө кызматкерлери тарабынан уруп-соогууну жана бир тараптуу маалымат берүүнү токтотууну талап кылышууда.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф ачкачылык жарыялагандардын саны азырынча так эсептелине электигин, оозун тиккендердин саны жалпысынан миңдин терегинде экендигин “Азаттыкка” билдирди. Аталган мекеменин маалыматы боюнча, ачкачылык жарыялагандар Бишкектин биринчи тергөө абагындагы камералардын ачык болушун талап кылышууда. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG