Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:28

Ташмамбетов: Кумарканаларды кайра ачсаңар өкмөткө төккөн акчаны эки эсе көбөйтөбүз


Кумаркана, оюн-зоок жайлар Ассоциациясынын президенти Мирлан Ташманбетов бүгүн бул тармакта эмгектенген ишкерлердин атынан ушундай билдирүү таратты. Аларды коңшу мамлекеттерге чакырып жаткандарын, бирок башка өлкөнүн экономикасын көтөрүп, Кыргызстандан кетүүнү туура эмес көрүп жаткандарын айтты. Былтыр мамлекеттик казынага 550 миллион сом кошсо, эми 1 миллиард сомго чейин болоорун убада кылды. Бирок ал үчүн "парламент менен өкмөт саясый эрк көрсөтүп", Кыргызстанда кумарканалардын иштөөсүнө уруксат бериши керек. Кумаркана башчылары "эгер мындан ары да иштей баштасак, 300 долларга жетпеген акчасы болгондорду, 21 жашка чыга электерди, "кара тизмедегилерди" казиного киргизбейбиз, кайрымдуулук иштерибизди көбөйтөбүз" дешүүдө. Мыйзам боюнча, быйылтан баштап Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыйуу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG