Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамында жаңыдан ачылып жаткан Антикоррупциялык кызматтын өзүнчө веб-сайты болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКдан кабарлашты. Коррупциялык иш-аракеттер тууралуу каалаган учурда жарандар ошол сайтка аты-жөнүн жазбастан кат жиберсе болот. 66-00-20 номурлуу "ишеним телефон" кызматы да ачылат. Антикоррупциялык кызмат президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен былтыр 14-декабрда түзүлгөн. (RK)