Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


28-31-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, түнкүсүн кар көчкү жүрүүчү аймактарда жол жүрүүнү токтотуу сунуш кылынат.

Кыргызстанда 29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түштүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 2...7, Талас облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз 1...6, Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз 3...8 градус болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 3...8, Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14 градус, күндүз -2...+3, Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -5...-10, тоолордо түнкүсүн -27...-32, ал эми күндүз -10...-15 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-13 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6 градус жылуу болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG