Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

ЕБ насыя кризисин талкуулоодо


Брюсселде Евробиримдиктин лидерлеринин саммити башталды. Жыйындын күн тартибиндеги башкы суроо - евромейкиндиктеги насыя кризиси. Лидерлер бюджетти реформалоо жана финансылык кризиске кабылган өлкөлөрдү колдоочу орток фонддун корун дагы көбөйтүү боюнча да өз ара мунасага жетүүгө аракет кылышары кабарланууда.

Британ премьери жыйын алдында кабарчыларга берген интервьюда: "Европадагы өсүш тууралуу биз Европа Кеңешинде өтө олуттуу ойлонушубуз керек. Бул бирдиктүү рынокту аягына чыгаруу, дүйнөнүн ылдам өнүгүп бараткан бөлүгү менен соода келишимин түзүү, бизге зарыл өсүшкө жетишүү үчүн чакан бизнести өнүктүрүү же экономиканы тескөөнү токтотуу дегенди билдирет", - деди.

Бүгүн Белгиянын үч чоң кесиптик кошууну улуттук өкмөттүн экономикалык планына каршы иш таштоо башташты. Андыктан коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураганы маалымдалды.
XS
SM
MD
LG