Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Саудияда пакистандык аткезчинин башы алынды


Сауд Арабиясына чоң өлчөмдө маңзаттарын алып кирмек болгон пакистандык жаран өлүм жазасына тартылды. Падышалыктын ички иштер министрлиги Жогорку соттун өкүмүнө ылайык, Хан Таж Мухаммеддин башы алынганын билдирди. Саудияда аял зордуктаган, адам өлтүргөн, исламдан чыккан, куралдуу каракчылык кылган жана маңзаттары менен аткезчилик кылган адам өлүм жазасына тартылат. Эл аралык мунапыс уюмунун кабарлашынча, былтыр Саудияда 79 адам жогорку жазага тартылган.
XS
SM
MD
LG