Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Бабанов: Өкмөт электр баасын көтөрүүнү талкуулай элек


Кыргызстандын өкмөтү электр энергиясынын баасын көтөрүү маселесин талкууга ала элек. Бул тууралуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кечээ журналисттерге билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына байланыштуу маселелерди бааны көтөрүү жолу менен гана чечүүгө мүмкүн эмес. Эгер бааны көтөрүү боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкса, андай демилгелер коомчулукка ачык айтылат. Буга чейин бир катар энергетиктер Кыргызстандагы электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, жабдыктардын эскириши өңдүү маселелерди электрдин баасын көбөйтүү жолу менен чечүүгө болоорун билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG