Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Латвия орус тилинин макамы боюнча референдум өткөрөт


18-февралга белгиленген жалпы элдик добуш берүү орус тилине экинчи расмий тил макамын ыйгаруу же ыйгарбоо маселесин чечүүсү керек. Этникалык орустар Латвиянын эки миллион калкынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Алар жарандык алуу же мамлекеттик кызматка кирүү үчүн латыш тилинен сынак тапшырууну караган эрежеге нааразылык билдирип келишкен.

Былтыр сентябрдагы парламенттик шайлоодо орусиячыл партия ийгиликке жетишкен.

Анткен менен кабарчылардын маалыматтарына караганда, референдумга коюлган маселе анда добуш бергендердин 50 пайыздан ашуунунун колдоосун алары арсар. Москва референдумдун жүрүшүнө жакындан байкоо салган жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG