Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Кумарканалардын мындан аркы тагдырын талкуулаган жыйын өтүп жатат


Бүгүн Бишкектеги "Достук" мейманканасында Кыргызстандагы кумарканалардын мындан аркы тагдыры, алардын ишин уюштуруу маселесине арналган жыйын өтүп жатат. Ага парламенттин, өкмөттүн, саясый партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Кумарчы болуп кеткендердин жакындары бийликке кайрылып жатып, былтыр күздө кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Быйылтан тарта кумарканалар жабылышы керек болчу. Бирок жабылдык дегени менен көбү жашыруун иштеп жатышат. Казино, оюн автоматтарын иштеткен ишкерлер тыюуну кайрадан алып таштаса, өкмөткө төккөн акчасын эки эсе көбөйтөөрүн айтышууда. Бүгүн өтүп жаткан жыйындын катышуучулары мына ушул сунушту талкуулашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG