Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Обама Пакистандагы пилотсуз учактар тууралуу маалыматты бышыктады


Президент Барак Обама АКШнын пилотсуз учактары Пакистанда сокку уруп келишкенин моюнга алды. Интернет баарлашуусунда Обама андай учактар Пакистандын Ооганстан менен чектешкен аймактарында колдонулганын жана өтө таамай атылган ракеталар уруулар байырлаган чөлкөмдөрдө жашырынып жүргөн ал-кайидачы жана Талибан согушкерлерине каршы багытталганын бышыктады. Анын айтымында, мындай тактика карапайым эл арасында анча көп чыгымдарга алып келбейт. Пакистандын бийлиги пилотсуз учактардын соккуларын расмий түрдө айыптаганы менен, Викиликс сайты шардана кылган маалыматтарда Пакистан өкмөтүнүн жана армиясынын лидерлери жеке жолугушууларда андай чараларды колдошкону айтылат.

XS
SM
MD
LG