Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

НАТО: Пакистандын чалгын кызматы "Талибанга" көмөктөшөт


Пакистандын чалгын кызматы "Талибанга" Ооганстандагы чет элдик аскерлерге кол салууда жардам берет. Мындай кабарды НАТОнун жашыруун материалдарына таянып, Би-Би-Си жана британдык The Times of London гезити таратты.

Алардын кабарына караганда, НАТОнун жашыруун баяндамасында, Пакистандын мекемелер аралык чалгын агенттиги – ISI Ооганстандагы козголоңдорго түздөн-түз катышары, Пакистан "Талибандын" лидерлеринин жүргөн жерин билери, Пакистандын аларды “манипулациялоосу” мурдагы эле ыргакта уланып жатканы көрсөтүлгөн.

Баяндамада ошондой эле "Талибан" НАТОнун аскерлери 2014-жылы кеткенден кийин Ооганстанга кайра көзөмөл орното алабыз деп эсептери да айтылат.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги бул баяндаманы "жеңил ойлуу" деп четке какты жана Исламабад Ооганстандын иштерине такыр кийлигишпей турганын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG