Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

АКШнын коргоо министри Израил-Иран боюнча комментарий берген жок


АКШнын коргоо министри Леон Панетта Израил ушул жазда же жайда Иранга сокку урушу мүмкүн деген маалыматты комментарийлөөдөн баш тартты. Ал Вашингтон Израилге андай ыктымалдуу операциянын арты кооптуу болоорун эскерткенин гана айтып чектелди.

Кечээ “Вашингтон Пост” гезити Пентагондун башчысы "Израил Ирандын атомдук объектилерине сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт" деп жазган. Анын алдында Израилдин аскерий чалгындоо кызматынын жетекчиси Авив Кошави Иранда бир нече атомдук бомба жасоого жетиштүү радиоактивдүү материалдар бар деп билдирген.

XS
SM
MD
LG