Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Ош газ чарба башкармалыгын сотко беришти


Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясы Ош газ чарба башкармалыгын сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” инспекциянын башчысы Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Анын айтымында, газ чарба башкармалыгы тургундардан мыйзамсыз акча топтоодо. Инспекция ушул багытта келген арыздардын негизинде иликтөө жүргүзүп, газ чарба башкармалыгы мыйзамсыз иштеп жатканын аныктаган.

“Ош газ чарба башкармалыгы колдонулган газга салыштырмалуу 5-10 сом кымбат эсептейт. 50 минден ашуун керектөөчүдөн алынган мыйзамсыз акчадан бир айда 10 миллион сом акча жыйнашат. Аны менен жоготууга учураган газдын чыгымдарын жабышат. Биз бардыгын далилдүү фактыларга таянып, анан сотко бердик”,- дейт Келдибаев.

Ош газ башкармалыгы бул кинени негизсиз деп эсептөөдө. Аталган башкармалыктан Ош шаары жана Кара-Суу району көгүлтүр от менен камсыз болот. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG