Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 4-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, түнкүсүн кар көчкү жүрүүчү аймактарда жол жүрбөө сунуш кылынат.

5-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында мезгил мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда кар калың түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -11…-16,
Талас облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -10…-15,
Баткенде түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10…-15, градус, күндүз -2…-7,
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -13…-18,
Суусамырда түнкүсүн -29…-34, күндүз -16…-21,
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, ал эми күндүз -10…-15 болот.

Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -18…-20 градус суук, күндүз -13…-15 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG