Кечээ Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров жолунун 99-чакырымына түшкөн кар көчкүдөн улам жабылган жолду тазалоо иштери аягына чыгып, кечки саат 21:30да жол толугу менен ачылды. Ушул эле райондун Красная Горка - Ак-Таш унаа жолундагы кар көчкүнү да Унаа жана байланыш министрлигинин жумушчулары тазалап бүткөнү кабарланды. Кар көчкүнүн айынан адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. Учурда жол ачык, унааларга каттоого уруксат берилди. (JAk)