Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Иордан исламчылары Кытай менен Россияга нааразы


Иорданиянын исламчылары дүйнө мусулмандарын жана араптарды Россия менен Кытайдын товарларына бойкот жарыялоого чакырышты. “Мусулман агайиндердин” лидери Хаммам Сайиддин айтышынча, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына Россия жана Кытайдын вето жарыялоосу, “алардын Сирия элин өлтүрүүгө катышып жатканын күбөлөйөт”. Сайиддин сөзүнө караганда, бул эки өлкөнүн товарларын сатып алуудан баш тартуу - “эркиндикти жана ар-намысын бийик туткан сириялыктарды колдоо болот”.

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, йемендик Таваккул Карман айым Мюнхендеги эл аралык конференцияда сүйлөп, бардык өлкөлөрдү элчилерин Сириядан чакырып алууга үндөдү.
Президент Асаддын режими 11 айдан берки анти-өкмөттүк чыгууларды басуу учурунда 6 миңден ашуун адамдын канын төккөнгө нааразылык ирети Марокко Сирия менен дипломаттык алакасын токтотту жана араб өлкөлөрүн да бул акцияга кошуулууга чакырды.

XS
SM
MD
LG