Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Кыргыз-тажик чек аралары боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Ушул аптада кыргыз-тажик чек араларын тактоо боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн делегациясы жолугушат. Бул үчүн Кыргызстандан атайын делегация 5-февралда Тажикстанга жөнөп кетти. Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүү 11-февралга чейин жүрөт.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2012-жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун билдирген. Кыргыз тарап да кошуна өлкө менен чек араны тактоо иштери жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастаган. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырым болсо, анын 471 чакырымы тактала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG