Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Пакистан премьер-министри ооган тынчтык келишимин талкуулоо үчүн Катарга барды


Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Баситтин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Юсуф Реза Гиланинин Катардагы визити бул өлкөнүн бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жана Ооганстан боюнча кеңири талкууларды камтыйт.

Премьер-министрден бир нече күн алдыда Ооганстанга барып келген тышкы иштер министри Хина Раббани Хар Пакистан Талибанга жана башка козголоңчул топторго тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн жардам бере аларын айткан.

Пакистан Талибанга жана Хаккани тобунун согушкерлерине колдоо көргөзүү менен Ооганстанды тынчтык орнотуу аракеттерине тоскоолдук жасап жатканы үчүн айыпталып жүрөт.

Ооган талиптери болсо Катар мамлекетинде саясий кеңсесин ачканын жарыялашкан. Бул тынчтык сүйлөшүүлөрүн тикелей жүргүзүүнү көздөй кадам катары бааланган. (UE)

XS
SM
MD
LG