Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Уулуу көмүр боюнча 4 киши соттолууда


Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Казакстандан Кыргызстанга уулуу көмүрдүн келиши боюнча сот иши башталды. "Кыргыз темир жол" ишканасынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгери Майрамкүл Турдумамбетова жана ошол эле станциянын радиолог дарыгери Темиркул Эралиев уулуу көмүрдү текшербей өткөрүп жибергени үчүн айыпталып жатышат. Ал эми Бажы кызматынын "Энерго" бажы процедуралар бөлүмүнүн башчысы Эркин Байбачаев жана инспектору Рахматилла Тургунов бажы көзөмөлүн талапка жооп берерлик эмес жүргүзгөнү үчүн айыпталууда. Соттолуучу Байбачаевдин адвокаты сотко келбей калганы үчүн отурум 15-февралга жылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Былтыр сентябрда Бишкек ТЭЦине Казакстандын Кулан кенинен 8,5 миң тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталып, көмүр ошо бойдон ТЭЦке жагылган эмес. Бирок ошондой эле уулуу көмүр Чүйдүн айрым айылдарындагы мектептерге, карылар үйүнө жеткирилгенин, ал жакта адамдар ооруй баштаганын укук коргоочулар айтып жатышат. Айрым депутаттардын айтымында, уулуу көмүрдүн келиши - коррупциялык схемалардын жыйынтыгы. Андыктан, катардагы бажы жана темир жол кызматкерлерин эмес, өкмөт жетекчилигин жоопко тартыш керек дешүүдө. Премьер-министрдин маалымат катчылыгы анын бул ишке тиешеси жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG