Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

“Кыргызмунайгаз” жумушчуларынын митинги уланып жатат


Жалал-Абаддын Ноокен районундагы элдик коргоо комитетинин төрагасы Муктар Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү митингде “Кыргызмунайгаз” ишканасынын айланасында түзүлгөн кырдаалга нааразылык билдирилүүдө. Анын айтуусунда, 3-февралдагы митингде кабыл алынган кайрылууга президент менен өкмөттөн, Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот жана Баш прокуратурадан жооп болгон жок. Иш-чаранын катышуучулары ишкананын тынч жана кирешелүү иштөөсүнө тоскоолдук болбоосун, текшерүүлөрдү токтотууну, ишкананы сотко берген “Юнитрейд-компани” фирмасынын доо арызын 9- февралда карамак болгон Жогорку Соттун акыйкат чечим чыгаруусун, коррупцияга каршы күрөштү колдоону талап кылып жатышат.(YA/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG