Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Мектептеги коррупцияга каршы чыккан ата-энелерге коркутуу болду


Бишкектеги №91 мектептеги коррупцияга каршы чыккан ата-энелерди директору коркутуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кызы ошол мектепте окуган Жылдыз Боскеева билдирди. Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгындагы коррупция боюнча өткөн тегерек үстөл жыйынынан кийин аны №91 мектептин директору Азаткан Чекирова коркутту.

"Колу менен кезеп, сени керек болсо акча менен өлтүртөм деди. Мен ага арыздангам. Партага үч миң сом бер деген. Менин үч миң сом эмес, үч тыйыным жок дегем. Кечээ телевизордон ушуну айткам. Сен эмне үчүн НТСтен чыгып, ачык айтасың деп жатат", - дейт Боскеева.

Ушул эле маселени ачык көтөрүп чыккан дагы бир эне Салтанат Эшалиева ага участкалык милиционермин деген бирөө телефон чалып коркутуп-үркүтүп жатканын билдирүүдө.

Ал эми аталган мектептин директору Азаткан Чекирова жогоруда айтылган сөздөрдү негизсиз деди. "Мен ага колумду кеземей тургай, сүйлөгөн да жокмун", - деди "Азаттыкка" Чекирова.

№91 мектептеги акча талап кылуу маселесине байланыштуу чуулгандуу видео жакында интернетте тараган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG