Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Түркмөнстан: шайлоочулардын 50% чукулу добуш берди


Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат кызматы жалпы шайлоочулардын 48% чукулу добуш бергенин билдирет.

Өлкө жетекчисинин кызматына азыркы президент Гурбангулы Бердимухамедов баш болуп 8 талапкер ат салышууда. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн шайлоого катышкандардын 50% ашуун добушуна ээ болуу керек.

Шайлоочулардын жалпы тизмесинде 3 миллионго чукул адам катталган. 2 миңден ашуун шайлоо бекеттери, анын ичинде Москвада 1 добушкана ачылган.

Шайлоонун жүрүшүнө 2 миңден ашуун байкоочулар көз салууда. КМШнын миссиясында 63 байкоочу бар. ЕККУ Түрмөнстанда саясий атаандаштык жок, сөз эркиндиги чектелген деген негизде бул шайлоого өз байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан.

Түркмөнстанда 2-жолу атаандаштык негизде президенттик шайлоо өтүүдө. Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, президент 5 жылдык мөөнөт менен шайланат.

XS
SM
MD
LG