Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Өкмөткө нааразылардын митинги өттү


Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында 50 чакты киши катышкан митинг өттү. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, алар жакында аяктаган аким шайлоо өнөктүгү "таза эмес өттү, Казакстандан келген уулуу көмүр кыргызстандыктардын ден соолугуна зыянын тийгизди" дешти. Ошондой эле бир катар жеке социалдык көйгөйлөрүн айтып чыгышты. Митингчилер менен өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков жолугуп, арыз-даттанууларын укту.

Жакында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукканда премьер-министр Бабанов "аким шайлоодо райкеңеш депутаттарынын добушун сатып алуу фактылар аныкталса, талапкер да, райкеңештин депутаты да бирдей жоопкерчиликке тартылаарын" айткан. Уулуу көмүр боюнча учурда бажы жана темир жол кызматкерлеринен төрт киши сот жообуна тартылууда. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG