Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

"Жаңы-Өзөн-2011" эл аралык комитети түзүлдү


Казакстанда саясатчылар менен укук коргоочу активисттер Жаңы-Өзөн окуяларында жапа чеккен адамдарды коргоо боюнча эл аралык комитет түзүлгөнүн жар салышты. Декабрда иш таштаган мунайчылар менен полициянын кагылышуусунда кеминде 16 киши мерт кетип, окуядан кийин ондогон киши камакка алынган.

“Жаңы-Өзөн-2011” комитети Казакстан коммунисттик партиясынын лидерлери, “Журналисттер коркунучта” бейөкмөт уюмунун жетекчиси жана башка активисттердин демилгеси менен түзүлдү.

Алматыда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан, Польша, Орусия жана Украинадагы укук коргоо уюмдары комитетке кошулуу ниетин билдиришкени айтылды. Ал аралыкта Жаңы-Өзөндөгү активисттер ай этегинде эки башка митинг өткөрүү үчүн уруксат сурап, шаар бийлигине кайрылышты.

XS
SM
MD
LG