Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Сирия армиясы козголоңдун очокторун аткылоодо


Сирияда президент Башар Асадга баш ийген армия эрегешчилердин таяныч шаары - Хомсту аткылоону күчөттү. Козголоңчулардын көзөмөлүнө өткөн чөлкөмдөрдү кайтарып алуу максатында өкмөттүк күчтөр бир жумадан бери шаарга ракеталарын жаадырып жатышат. Ошондон бери жүздөгөн киши набыт болгону кабарланууда. Хама шаары да аткылоого алынып, жөө аскерлер Ливан менен чек аралаш аймактагы шаар-кыштактарга чабул коюшту. Кечээ БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай Коопсуздук кеңишинин Сирия кризисин чечүүдө бир пикирге келе албай жатышы Дамаск режимин шыктандырууда деп сындады.

XS
SM
MD
LG